Волейбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия чемпиондугуна катышат. Волейбол федерациясы билдиргендей, чемпиондук Борбор Азиялык аймактык болуп бөлүнүп, жалпы 7 команда күч сынашат.
Мелдеш Непалдын Катманду шаарында 19-августтан 24-августка чейинки аралыкта өтөт. Чемпиондукка үй ээлери, Кыргыз өлкөсү, Өзбекстан, Түркмөнстан, Бангладеш, Ооганстан жана Мальдив аралдары катышат.
Учурдагы чемпион команда Түркмөнстан болуп саналат. Кыргыз волейболчулары 2018-жылы 3-орунду ээлешкен.