Эки Кыргыз спортчусу ат оюндары боюнча Евразия чемпиондугунда жеңүүчү аталышты

Орусияда 17-июлдан 21-июлга чейинки аралыкта ат оюндары боюнча Евразия чемпиондугу болуп өттү. Анда эки Кыргыз спортчусу ийгилик жаратышты.

Конкур боюнча эң башкы "Гран-при" мелдешинде Кармен аттуу аты менен Камиль Сабитов жеңүүчү аталды.

Ошондой эле ат чабышта Чыңгыз Иманалиев Ак Таноо аргымагы менен 120 чакырымдык жарышта биринчи орунду ээлеген. "Бул Евразия чемпиондугун көптөн бери күтүп жүргөнбүз. Даярдыктарды жүргүзүп жаттык. Мелдештерге эң күчтүү делген аргымактарыбызды алып келгенбиз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
NURSAPAR
2019-07-23 12:03:41
Азаматтар, ушундай желегибизди бийик көтөрүп жүрө бергиле. ....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан