Ош облусунун Алай районуна караштуу Сары-Таш айыл аймагындагы Кара-Киндик жайлоосундагы көлмөгө 17 жаштагы К.уулу М. аттуу бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 7 куткаруучу тартылган.
Чүй облусунун Сокулук районундагы Ак-Ордо-3 конушунда жайгашкан көлмөгө 42 жаштагы А.Т. аттуу эркек киши чөгүп кеткен. Жерине Аламүдүн райондук №1 куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денеси суудан табылган. Маркум ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Токмок шаарынын 3-кичи районунун жанында жайгашкан көлмөгө 30-35 жаштагы кебетеси азиялык болгон эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштеринин натыйжасында саат 21:19да маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Издөөгө 5 куткаруучу тартылган.
Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.