Бишкектин ботаникалык багында атайын өрттөө иштери жүрүүдө

23-июль күнү Бишкектин ботаникалык багы өрттөнүп жатат деген маалыматка ӨКМнын маалымат кызматы куураган чөптөрдү атайын өрттөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

"Ботаникалык бакта азыр куураган чөптөрдү атайын өрттөө иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала коопсуздук үчүн бир өрт өчүрүүчү машина турат", - деди министрликтин маалымат кызматы.

Ботаникалык бактын директорунун орун басары Жанышбек Кенжебаев өрт коопсуздугун алдын алуу максатында ушундай иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

"Өрт чыгып кетүү коркунучу бар деген жерлерде чөптөрдү атайын өрттөп жатабыз. Биздин кызматкерлер жана Бишкек шаардык өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте өрттөө иштери жүргүзүлүүдө. Эч кандай өрт катталган жок" деди Кенжебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zevs
2019-07-23 16:43:16
Orttop jok kylsanar.jok bolgondo jerdi bolup alasynar. Silerdin maksatynar owol.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан