Жалал-Абадда жеңил унаа менен тепловоз сүзүштү

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жеңил унаа менен тепловоз сүзүштү. Маалыматты облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктап, буларды билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 21-июль күнү саат 11:00 чамасында Барпы айылында болгон.

"37 жаштагы Барпы айылынын тургуну Б.Х. Хонда Инспайр үлгүсүндөгү унаасы менен Ханабад-Жалал-Абад багытындагы темир жолунун түштүктөн түндүккө карай келе жаткан тепловоздун жолуна чыгып жол кырсыгына кабылган. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес жана унаа материалдык зыянга учураган", - деди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан