Бишкекте жер сатуу боюнча алдамчылык кылган шектүү кармалды. Маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Октябрь РИИБине О.Г. аттуу аял кайрылган. Арызда К.Н. аттуу аял анын ишеничине кирип, Өскөн-Ордо жаңы конушунан жер тилкесин 3 миң 800 долларга саткан. Андан соң айткан убадаларын аткарбастан из жашырып качып кеткен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 204-берене "алдамчылык" боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 33 жаштагы мурда соттолгон К.Н. аттуу аял кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды.
Ошондой эле милиция кызматы кимде ким жер боюнча алдамчылыкка кабылса же башка маалыматтарды билген болсо, төмөндөгү номерлерге байланышып коюуну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0551 102 289, 0554 102 188.