Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында казак күрөшү боюнча Азия чемпиондугу 17-августта өтөт. Бул мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн 8 балбан катышат. Алар 5-августтан тарта машыгуу жыйынын Ысык-Көлдө өткөрүшөт.
Кыргыз өлкөсүнүн курамы:
55 килограмм салмак ченинде - Кубатбек Камчыбеков;
60 килограмм салмак ченинде - Бекбоо Апышов;
66 килограмм салмак ченинде - Нуржигит Жаанбаев;
72 килограмм салмак ченинде - Эрмек Сариев;
82 килограмм салмак ченинде - Шатман Эсенбек уулу;
90 килограмм салмак ченинде - Азамат Бектурсунов;
100 килограмм салмак ченинде - Уларбек Күрүчбек уулу;
100 килограмм салмак ченинен жогору - Чоро Турганбек уулу.