Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында дүкөндөргө уурулукка кирген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-июндан 24-июнга караган түнү Майлуу-Суу шаарындагы дүкөндөрдүн бирине чатыр аркылуу белгисиз кылмышкерлер кирип, 10 миң сом акча жана жалпы баасы 150 миң сомдук 15 даана кол телефондорду уурдап кетишкен. Ушундай эле окуя 10-марттан 11-мартка караган түнү Майлуу-Суу шаарындагы дүкөндөрдүн биринде дагы катталган. Анда белгисиз жарандар тарабынан 21 миң сомдон ашык акча жана азык-түлүк уурдалган. Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Жогоруда көрсөтүлгөн уурулук фактыларынын бетин ачуу максатында Майлуу-Суу ШИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери шектүү катары Сузак районунун 26 жаштагы А.К. аттуу тургунун кармаган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө ал уурулук жасаган буюмдарын көрсөтүп берип күнөөсүн моюнуна алган. Шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга бир айга камакка алынып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.