Бишкекте көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан 3 жашар кыз кулап кетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 23-июлда саат 18:20 чамасында шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.
"Кулап кеткен кызды №3 шаардык балдар ооруканасына ата-энеси алып кеткен. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын кашка жилиги сынган. Бардык аракеттер жүргүзүлүүдө", - деди басма сөз кызматы.
Ал эми Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бул факты териштирилип жатканын билдирди.
Кошумча маалымат берилет.