Орусиянын Сахалин облусунда киши колдуу каза болгон жаран Сахалинде апасы менен чогуу жашачу. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, каза болгон жаран 28 жашта. Ал Кыргыз өлкөсүнүн жараны. Маркумдун өлүмүнө шектелип Орусиянын 3 жараны кармалган.
"Маркумдун апасы кабарды уккан. Алар чогуу Сахалинде жашашчу экен. Апасы Орусиянын жараны болгондуктан маркумдун сөөгү ошол жакта жерге берилиши мүмкүн. Азыркы тапта туугандары бир чечимге келише элек", - деди басма сөз кызматкери Гүлбарчын Байымбетова.
Буга чейин 21-июлда түн ичинде 27 жаштагы Кыргыз жаранынын жансыз денеси Корсаковдо табылган. Алгач маркумдун унаасы, андан соң өзү табылганы айтылган.