Орусиянын Москва шаарында Кыргыз аялды эки жаран зордуктады. Мындай маалыматты "МК" орус басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 18-июлда Судостроительный көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.
"Аталган көчөдөгү көп кабаттуу үйдүн экинчи кабатында казакстандык 4 эркек киши жана 1 украиналык аял жашачу. Баары Орусиянын жарандыгын алышкан. Жашоочулар ар кайсы жумуштарда иштешет. 18-июлда алардын батирине 47 жаштагы Айгүл (аты өзгөртүлдү) аттуу Кыргыз аял таанышы менен конокко келген. Алар алкоголдук ичимдик ичип отурушкан. Саат 20:00 чамасында пикир келишпестик болуп Айгүлдүн таанышы батирден чыгып кеткен. Ал эми Айгүл батирдегилер менен калып калган.
Айгүлдүн айтымында, 33 жаштагы Алтынбек (аты өзгөртүлдү) аттуу киши аны зордуктаган. Андан кийин Алтынбектин теңтушу Тимиржин (аты өзгөртүлдү) дагы Айгүлдүн каршылык көрсөткөнүнө карабай интимдик катнашка барган. Бул учурда эшикте ити менен сейилдеп жүргөн украиналык аял батирге кирип келген. Ал бир нерсе болуп жатканын байкап, батирде жашаган кишилерден эмне болгонун сурап баштаган. Ошол учурда Айгүл колуна тийген күрмөнү жамынып, байпакчан көчөгө качып чыккан. Ал алдынан чыккан адамга кайрылып, милицияга чалып берүүсүн суранган.
Жерине милиция кызматкерлери келгенде Айгүл окуя тууралуу айтып, аны зордуктагандар телефонун алып койгонун билдирген. Укук коргоо органдары батирге келгенде эшикти эч ким ачпай койгон. Мындан улам милиция кызматкерлери батирдин терезесинен киришкен. Шектүүлөр укук коргоо органдарынын талабын аткаруудан баш тартып каршылык көрсөткөн. Алардын бири милициянын тапанчасын алууга аракет кылганда ок атылып, жаракат алган. Ал эми экинчи шектүү дагы милицияга каршылык көрсөтүп жатканда бутуна ок тийген. Шектүүлөр ооруканага жеткирилген. Бул факты боюнча Тергөө комитети териштирүү иштерин жүргүзүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле окуя болгон учурда батирде шектүүлөрдүн эки таанышы дагы болгон. Алар эч нерсе болбогондой түр көрсөткөнү айтылган.
Жогорудагы окуя боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигине байланышканыбызда маалымат такталып жатканын билдирди.