Мэрия: "Ала-Тоо конушундагы сибирь жарасынын саркофагы көзөмөлдө"

Ала-Тоо конушундагы сибирь жарасынын саркофагы көзөмөлдө. Бул тууралуу 24-июлда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ленин районундагы социалдык маанидеги өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча мекемелер аралык жумушчу комиссиясы Ала-Тоо конушундагы сибирь жарасынын саркофагын текшерди.

"Комиссиянын курамына акимчиликтин өкүлдөрү, санитардык эпидемиологиялык борбор, Бишкек шаардык ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы кирди. Муниципалдык аймактык башкармалыкка 12-августка чейин саркофагдын үстүнкү катмарын бетондоо үчүн акча каражатын табуу иши жүктөлдү. Турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнө конуштун тургундары менен мал-жандыктарды кооптуу жерге жөнөтпөө боюнча алдын алуу, ошондой эле саркофагдын айланасындагы таштандыларды тазалоо иштерин жүргүзүү тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2019-07-24 11:42:47
Атамбаев болду келбейт уктатты баарын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан