Бишкек шаарындагы Масалиев көчөсүндө жеңил унаа күйүп кетти. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан тастыктады.
Маалыматка ылайык, ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө кабар бүгүн, 24-июлда саат 10:05те келип түшкөн.
"Бизден 1 бөлүм аталган жерге барып, саат 10:26да өрттү өчүргөн. Унаа эмнеден улам күйүп кеткени боюнча маалымат жок", - деп билдирет басма сөз кызматынан.