Чүйдө унаалардын терезесин талкалап уурулук кылып жүргөн жаран кармалды

Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери унаанын ичине уурулукка кирип жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Кармалган жаран 7 уурулук фактысына шектелүүдө.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Таш-Дөбө айылынын жашоочусу арыз менен кайрылган. Арыз ээси 17-июль күнү белгисиз бирөө унаасынын терезесин сындырып, ичиндеги акчасын уурдап кеткенин айткан.

Ошондой эле арыз менен аталган айылдан дагы 6 жашоочу кайрылган. Алардын кайрылуусунда унаалардын терезесин сындырып, акча, баалуу буюмдар жана керектүү документтер уурдалганы жазылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Издөө иштеринин натыйжасында уурулукка шектүү катары 42 жаштагы мурда бир нече жолу соттолгон М.С. аттуу жаран кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, шектүүнүн башка дагы кылмыш иштерге тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан