Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпиондугуна даярданууда

Күрөш боюнча кыз-келиндер арасындагы Кыргыз улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугуна даярданууда. Жаштар иштери, спорт жана дене тарбия агенттиги билдиргендей, машыгуу жыйындары Бишкекте 3-августка чейин уланат.

Улуттук курама командага 8 балбан кирген:

53 килограмм салмакта - Мадина Надирова
57 килограмм салмакта - Нураида Анаркулова жана Кымбат Рысманбетова
59 килограмм салмакта - Айбике Артыкали кызы жана Назира Марсбек кызы
62 килограмм салмакта - Айсулуу Тыныбекова
68 килограмм салмакта - Мээрим Жуманазарова
76 килограмм салмакта - Айпери Медет кызы

Ага машыктыруучу - Байгазы Кенжебаев

Башкы машыктыруучу - Нурбек Изабеков

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу 14-сентябрдан 22-сентябрь аралыгында Нур-Султан шаарында өтөт. Бул мелдеште "Токио-2020" Олимпиадасына жолдомолор ойнотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Avrora2017
2019-07-24 14:01:56
Айсулууга ийгилик каалайм
+2
Kemel29101981
2019-07-24 16:31:44
Ийгилик кыздарыбызга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан