Кантта белгисиз унаа аркылуу уурдалган Данилдин окуясы боюнча сот чечим чыгарды

Кант шаарында 12 жаштагы Данилди унаага салып уурдаган жарандарга сот чечим чыгарды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматкери билдирди.

Маалыматка ылайык, бул факты боюнча шектүүлөр Э.Ш. жана В.Р. айыптуу деп табылып, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Чечимди Ысык-Ата райондук соту чыгарды.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак.

11-апрелде саат 8:40 чамасында Кант шаарында белгисиз адамдар 12 жаштагы баланы таксиге салып уурдап кетишкен. Бала Кант шаарынын 2-кичи районунда Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа менен уурдалган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ал эми Данил 11-апрелде саат 21:30 чамасында Чүй ОИИББинин кызматкерлери тарабынан аман-эсен табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан