"16 миң сом акча бербесең түрмөгө алып барабыз". Ошто ишкерди коркутуп акча талап кылган деген шек менен эки жаран кармалды

Ош облусунун Араван районунда ишкерди коркутуп акча талап кылган 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-июль күнү Араван РИИБине жеке ишкерди бейтааныш 2 жаран "16 миң сом бересиң, болбосо өзүңдү түрмөгө алып барабыз" деп коркутуп акча талап кылганы тууралуу кабар келип түшкөн.

"Араван РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде 22-июль күнү саат 18:00 чамасында жеке ишкерден 10 миң сом акча алып жаткан жеринен 2 жаран колго түшкөн. Алар Ош шаарынын тургуну 44 жаштагы М.Д. жана Кара-Суу районунун 43 жаштагы М.Х. аттуу тургуну болушкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 203-берене "опузалап акча талап кылуу" менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кылмышка шектүүлөр Араван РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
MEN95
2019-07-24 18:52:20
Каракчы бироону какшатып алган акча жукпайт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан