Ош шаарында өткөн фестивалга миңден ашуун адам катышты

23-июлда Оштогу "Алымбек-Датка" этно-комплексинде маданий фестиваль болуп өттү. Фестивалдын ачылыш аземине Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, "Youth of Osh" коомдук бирикмесинин директорунун орун басары Акмарал Сатинбаева, жаштар боюнча иш алып баруу комитетинин өкүлү Иззатбек Берхмаматов жана өнөктөш бирикмелеринин өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында:
- “Этно-Ош”, “Арууке” жана “Шайыр апалар” этно-ансамблинин концерти;
- Чоподон жана кийизден жасалгалар жана жергиликтүү маркадагы азыктар жарманкеси;
- Кыргыз өлкөсүнүн түштүк аймагындагы улуттук-маданий өзгөчөлүктөрүн чагылдырган Сүрөтчүлөр союзу тарабынан уюштурулган көргөзмө;
- Пластилин менен иштөө, оригами, тигүү, карандаш менен сүрөт тартуу, ар кандай буюмдарды жасоо жана жаа атуу боюнча мастер-класстар;

- “Кыргызстан - менин көз карашымда” сүрөт сынагы;

- Балдар үчүн арт-терапия, роботторду чогултуу, куурчак театры;

- Ордо, аркан тартыш оюндары.

Аталган фестивалга шаар тургундары жана меймандары Кыргыз өлкөсүнүн маданиятына сүңгүп кирип, маданий, спорттук, көңүл ачуучу иш-чараларга, концерттик программага күбө болушту. Мындан тышкары оюндарга катышып белектер менен сыйланды.

Фестивалга миңден ашуун адам катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан