Бишкекте 4-кабаттан кулап кеткен 3 жашар кыз жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан кулап кеткен 3 жашар кыздын абалы жакшырууда. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

"№3 шаардык балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан 3 жаштагы кыз эсине келди. Ал жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Учурда абалы туруктуу", - деди маалымат кызматынан.

Кечээ, 23-июлда саат 18:20 чамасында шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 3 жаштагы кыз кулап кетип, баш мээсинен жаракат алып, кашка жилиги сынганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jypar.ermatova
2019-07-24 16:44:32
Аллахым шыфаа берсин
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан