Ошто 45 жаштагы жаран унааны айдап качып бара жатып дагы бир унааны сүзүп андан соң кармалды

Ош шаарында токтоп турган унааны айдап качып бара жаткан жаран кармалды. Шектүү 45 жашта. Маалыматты Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 18-июль күнү саат 09:00 чамасында Ош шаарынын Туран кичи районундагы токтоп турган Хундай Старекс үлгүсүндөгү унааны 45 жаштагы жаран айдап качкан. Унаа ал райондо жашаган М.А. аттуу жаранга таандык болгон. Ошондой эле ал жаран унааны айдап бара жатып жол четинде токтоп турган Дэу Матиз үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Андан соң милиция кызматкерлерине кармалган.

Ыкчам иликтөө иштеринде Дэу Матиз унаасы 18 жаштагы К.Д. аттуу жаранга таандык экени аныкталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан