Жайылда унаасын жуудурганга калтырган кардардын машинасын айдап кеткен жумушчу кырсыкка кабылды

Жайыл районунда унаа жуучу жайга машинасын жуудурууга калтырган кардардын унаасын аталган жайдын жумушчусу айдап кетип, кырсыкка учураган. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Кара-Балта шаарынын тургуну кайрылып, унаа жуучу жайдын жумушчусуна чара көрүүнү суранган.

"14-июнда Кара-Балта шаарынын тургуну өзүнүн Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаасын химиялык тазалоо үчүн унаа жуучу жайга калтырып, эки күндөн кийин алып кетмек болгон. Ал 2 күндөн кийин келгенде унаасынын сүзүлгөнүн байкаган.Териштирүү иштеринде унаа жуучу жайдын жумушчусу унааны уруксаты жок айдап чыгып, кырсыкка кабылганы белгилүү болгон. Учурда машина айып аянтына токтотулуп, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Шектүү катары 28 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
33SUUN
2019-07-24 22:57:50
Урулган жерин ондоп туздоп берсе болсо керек.Ушул нерсе учун дагы камап коюш шарт эмеско.
+3
bek.94
2019-07-25 00:44:36
Террористи кармагандай убактылуу кармоочу жайга киргизипсиңерго жөн эле айтып түшүндүрүп оңдотуп берсе болмокта
+1
Apyn8793
2019-07-25 12:56:48
Айдабаш керек да озунуку болбогондон кийин. Бул бироо эле эмес да, канчасы ушинтип айдап журот. Туура чечим! Камап, айып пул толоткуло!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан