Бишкек-Ош унаа жолунда Чычкан дарыясына түшүп кеткен унаанын ичиндеги 3 классташ баланын жансыз денелери табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-июль күнү Чычкан суусунан 22 жаштагы А.И. аттуу эркек адамдын жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Каза болгон жарандын жакындары унаада дагы 2 адам болгонун айтып, ӨКМнын куткаруу кызматына кайрылышкан.
6-июль күнү издөө иштеринин натыйжасында 22 жаштагы М.Т. уулунун жансыз денеси табылган. Ошондон бери издөөдө жүргөн дагы бир баланын жансыз денеси 23-июлда саат 18:40та унаа түшүп кеткен жерден 16 чакырым алыстыктан табылган.
Жансыз дене суудан чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.