Таласта сууга түшүп кеткен өспүрүм бала изделүүдө

Талас районунун Кара-Суу айылында өспүрүм бала каналга түшүп кетип изделүүдө. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 24-июлда болгон.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, Кара-Суу айылынын Кайырма каналына эркек баланын (аты-жөнү такталууда) түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн саат 17:20да Талас райондук №101 ӨКБдан 4, 18:00дө Талас шаардык №17 АӨКБдан 5, жалпы 9 куткаруучу тартылган. Издөө иштери улантылып жатат", - деди маалымат кызматынан.

Кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан