Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сот аткаруучулар бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына М.С. аттуу жаран Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сот аткаруучулар бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу Ш.К.га карата чара көрүүнү айтып, арыз менен кайрылган. Арыздануучунун айтымында, башкы сот аткаруучу Ш.К. кызматтык абалынан пайдаланып арыздануучунун кыймылсыз мүлкүнө салынган айыпты алып салуу жөнүндө соттун чечимине карабай мыйзамсыз түрдө ага коюлган алгачкы доонун 10 пайызын 18 миң 600 сом жана кыймылсыз мүлккө салынган айыпты жокко чыгаруу үчүн кошумча 10 миң сом талап кылган.
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин жыйынтыгында 23-июль күнү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сот аткаруучулар бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу Ш.К. кызматтык ордунда пара алып жаткан жеринен кармалган.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-пункту (опузалап пара алуу) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Улук сот аткаруучу Ш.К. Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилген.