"Аймактарды өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте экономика маселелерин чечүү зарыл" дейт өкмөт башчы

"Аймактарды ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте экономика маселелерин чечүү зарыл" деп кечээ, 24-июлда өкмөттүн жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Миграция процессин токтотуп, жакырчылыкты кыскартып, билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарба тармактарында абалды жакшыртып жана социалдык маселелерди чечмейинче аймактарды өнүктүрүү саясатын кармашыбыз керек. Биз коомду бириктирип, президент Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыгын аткарууга жетишүүбүз керек. Бүгүнкү күндө жакшы натыйжалар бар, жаңы жумуш орундары түзүлүп, социалдык маселелер чечилүүдө. Ошону менен бирге убакыт активдешүүнү талап кылат. Калк өзгөрүүлөргө даяр, ал эми аймактардын жетекчилери даяр эмес", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Экономика министри Санжар Мукамбетов билдиргендей, аймактарды өнүктүрүү боюнча милдеттер толук кандуу аткарылып жатат.

"2019-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча экономиканын ар кыл секторлорунда оңдуу темптер байкалууда. Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунда айыл чарбасы көрсөткүчтөрү жакшы, Талас жана Баткен облустарынын көрсөткүчтөрү эң төмөн. Талас жана Ысык-Көл облустарында, Бишкек шаарында курулуш динамикалуу өнүгүүдө", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан