Жалал-Абадда такси жалдап, айдоочусун тоноп жүрүшкөндөр кармалышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-июндан 30-июнга караган түнү саат 02:30 чамасында Жалал-Абад шаарынан жакынкы айылдардын бирине жеткирип коюу үчүн бейтааныш 18-22 жаштагы 2 бала такси жалдашкан. Алар айдоочуну ээн талаага айдатып барышып, күч колдонуп унаадан алып түшүп, сабап, андан соң телефонун тартып алышкан. Ошондой эле айдоочуну мажбурлап апасына телефон чалдырып, бирөөлөргө карыз болуп калганы үчүн шакегин берүүсүн айттырышкан. Жабырлануучунун апасы “балам аман болсо болду” деп 7 миң сомдук алтын шакегин колунан чыгарып берген.
Бул факты Жалал-Абад ШИИБинин тергөө кызматы тарабынан 201-беренеси (тоноо) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка катыштыгы бар делген жарандар кармалган. Алар Сузак районунун тургундары 18 жаштагы А.Н., 21 жаштагы Н.М. жана Жалал-Абад шаарынын тургуну 20 жаштагы А.Т. болгон. Шектүүлөрдөн далил буюмдар алынып тергөө кызматына өткөрүлгөн.
Шектүүлөр буга чейин 3-июль күнү саат 23:00 чамасында дагы бир айдоочуну жогорудагыдай ыкма менен баасы 12 миң сомдук телефонун жана миң сом накталай акчасын алып, качып кетишкени аныкталган. Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине катыштыгын аныктоо максатында ыкчам иликтөө иштери уланып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.