Экономика министрлиги өкмөткө Кыргыз өлкөсүнө автотранспорт аркылуу мунай зат, мунай заттык продукттар жана био отундардын ташылып келүүсүн убактылуу токтотууну сунуштады. Бул тууралуу коомдук талкууга чыгарылган токтомдун долбоорунда айтылат.
"Убактылуу тыюу салуу бир жылга созулат. Эгерде токтом күчүнө кирсе автотранспорт аркылуу күйүүчү майлардын 2707 10, 2707 20, 2707 30, 2709 00, 2710, 2713, 2714, 3606 10 000 0, 3606 90 900 0, 3826 00 классификациялык кодундагы продукттар ташылып келинбейт.
Тыюу салуунун себеби коңшу өлкөлөрдөгү мунай зат чыгаруу жана аны өндүрүү көлөмү өсүп жаткандыктан өлкөдөгү көмүскө экономиканын өсүп кетүүсүн алдын алуу болуп саналат. Эгерде коңшу өлкөлөрдө мунай затты өндүрүү көлөмү өссө Кыргыз өлкөсүнө болгон импорт да көбөйөт", - деп айтылат маалыматта.