Екатеринбург шаарында киши колдуу каза болгон Камчыбек Каримовдун өлүмүнө шектелип Кыргыз жеринде төрөлгөн Зарылбек аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуяга шектелген жаран Челябинск облусунун Коркино шаарынан кармалган.
Окуя болгон үйдүн камерасына үч жаран түшүп калган. Алар аталган жерге Volkswagen Touareg үлгүсүндөгү унаа менен келишкен. Кармалган шектүү аталган унаанын айдоочусу болгон. Ал Кыргыз жеринде туулган. Алгачкы көрсөтмөсүндө күнөөнү моюнуна алган. Ал буга чейин опузалап жана талап тоноочулук боюнча кармалып, өткөн жылдын октябрь айында абактан чыкканы жазылат маалыматтарда.
Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар бул окуя боюнча "Комсомольская правда" басылмасына төмөнкүлөрдү билдирген.
"Негизи Каримовду шектүүлөр өлтүрөбүз деп пландашкан эмес. Алар "Таганский ряд" базарында иштеген башка ишкерге кол салууну көздөшкөн. Алар көбүнчө кымбат унаа айдагандарды карап жүрүшчү. Бирок буларга Камчыбек Каримов бирөөдөн ири суммадагы акча алганы боюнча маалымат түшкөн. Ошондой эле кол салуу тууралуу 5 гана адам билген. Алар Каримовдон акчаны коркутуу жолу менен алабыз деп ойлошкон. Бирок маркум каршылык көрсөткөн. Унаанын айдоочусу бул иши үчүн 100 миң рубль алганын айткан", - деп жазылат маалыматта.
Уралдагы Кыргыз диаспорасынын мурдагы өкүлү Камчыбек Каримов 2-июль күнү киши колдуу каза болгон. Шектүүлөр Каримовду үйүнүн алдында күтүп турушкан. Баштыкта акча көтөрүп келе жаткан Каримов качканга аракет кылган. Бирок аны алгач бутка, андан соң курсакка атышкан. Акчаны алган кылмышкерлер унаага түшүп кетишкен.
Ошондой эле киши колдуу каза болгон Камчыбек Каримовдун өлүмүн маркумдун жакында абактан чыккан Замир аттуу жердеши уюштурганы буга чейин жазылган.