Ысык-Көлдө 2 адамды өлтүргөнгө шектелип жаткан кароолчу кармала элек

Ысык-Көлдө 2 адамды өлтүргөнгө шектелип жаткан кароолчу Сергей Смирнов кармала элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

"Издөө иштери дагы деле жүргүзүлүп жатат. Шектүү Эңилчек жайлоосун коёндун жатагына чейин билгендиктен кармалбай жатат" деди милициядан.

Буга чейин Ысык-Көлдө 2 адамды өлтүргөнгө шектелип жаткан кароолчу Сергей Смирнов расмий издөөгө алынган. Ал тууралуу маалымат жана анын фотороботу Кыргыз жана Казак чек ара органдарына таратылган.

Өзгөчө белгилери: Бою 160-170 сантиметр, көзү күрөң, чачы сары, спорттук дене түзүлүштө.

Шектүүнү көрүп же таанып калгандар болсо, милиция кызматкерлери төмөнкү номерлерге байланышып коюуну өтүнөт.

Байланыш телефону: 0702 14 88 41, 0707 27 99 94, 03922 5 45 50, 5 45 05, 6 03 21, 102

Окуянын чоо-жайы:

4-июлда Түп айылынын тургуну 29 жаштагы Сергей Смирнов Вепрь үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен Эңилчек жайлоосунда жайгашкан "Хан-Теңири" лагеринин директорунун орун басары А.Д.ны жана аталган жерде ар кандай жумуштарда иштеген М.К.ны атып өлтүргөн. Мындан сырткары ошол жерде иштеген Л.И.ни барымтага алып, кийин кайра коё берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Shabi
2019-07-25 17:12:27
Бул уже чек араны кесип кеткен го.даагеле табылалек болсо
0
senchi
2019-07-25 17:37:55
Кармагылада,тоок урдаганды секундта кармайсынарго.
0
Koichuman
2019-07-25 23:02:40
Тажикистан же Афганистанга отуп кеттида ошол замат эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан