Ошто спирт ичимдигин ичип алып унаа башкарган 14 айдоочу кармалды

Ош шаарында 12-июлдан 21-июлга чейин Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан "Жасалма мамлекеттик белги" иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган бөлүмдөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө 1171 жол эрежесин бузган айдоочуга протокол түзүлгөн.

Иш-чарада айнектерин караңгылаткан 61 айдоочу, документтери жок унаа башкарган 23 айдоочу, мамлекеттик белгиси жок, спирт ичимдигин ичип унаа башкарган 14 айдоочу кармалган.

Ал эми жол эрежесин ар түрдүү бузуулардын негизинде 56 унаа айып короосуна токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан