Солтон-Сары алтын кенине биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууда Солтон-Сарыда мал кырылгандыгына байланыштуу атайын комиссия бир катар лабораториялык экспертизаларды жүргүзгөнүн айтты.
"Компаниянын ишинде бир катар бузуулар бар, алар боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар иш алып барышууда, бардыгын оңдоо талабы менен эскертүүлөрдү берип жатышат. Алар баарын оңдошот. Эң башкысы компаниянын ишмердүүлүгү адамдарга жана экологияга зыян келтирбеши керек. Муну биз көзөмөлгө алабыз", - деди биринчи вице-премьер-министр.
Андан соң Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Калыс Жумаканов Солтон-Сарыда малдын кырылганы боюнча экспертиза жасалып, малдын мите ооруларынын, топурактын жана суунун анализи жасалганын айтты.
"Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча малдын 66 пайызы өпкө, боор жана ичегинин мите ооруларынан кырылган. Малга вакцина жасоо боюнча алдын алуу иштери толук кандуу жүргүзүлгөн эмес. Тийиштүү вакцинация жасалбаса, мал дагы кырылат. Ошондуктан жарандар бул маселелерди чечүүгө олуттуу кароого тийиш", - деди Калыс Жумаканов.
Ошондой эле экспертизада Jhong ji Mining Кытай компаниясында адамдарга, малдын саламаттыгына таасирин тийгизген зыяндуу заттар аныкталган эмес.
Мамлекеттик санитардык жана эпидемиологиялык кызматтын башчысы Төлөнбай Исаков билдиргендей, топурак жана суу текшерилип, натыйжада цианид аныкталган эмес.
"Жергиликтүү тургундарга Кытай компаниясына эскертүүлөр берилгенин угушту. Ал эми жардыруу иштеринин аралыгы өзгөртүлүп, жаңы систем боюнча ишке ашырыла баштайт", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Социалдык тармактардын колдонуучулары Солтон-Сары жайлоосундагы жардыруулардын видеолорун интернетке жарыялашкан. Ошондой эле видеодо кой-эчкилердин өлүп жатканын көрүүгө болот. Мындан улам социалдык тармактардын колдонуучулары малдын өлүп жатышына Солтон-Сары алтын кениндеги жарылуу себеп болушу мүмкүн деген пикирлерин айтышкан.