Ысык-Көлгө чөгүп жаткан жигитти туристтик милициянын кызматкерлери куткарып калышты. Маалыматты облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 25-июль күнү туристтик милициянын кызматкерлери Т.Абдубахитов, А.Абдылдаев жана С.Ибраев Каракол-Пристань аймагында кызматтарын өтөп жатышкан. Алар Понтон аймагын текшерип жүрүшүп, жардам сурап жаткан жигиттерди байкап калышкан.
"Кызматкерлер балдардын бири пирстен туура эмес секирип, сууга чөгүп жатканын көрүшкөн. Ошол замат кызматкер Т.Абдубахитов сууга секирип түшүп, чөгүп жаткан жигитти куткарып калган. Алар чөккөн балага биринчи медициналык жардамды көрсөтүшүп, андан соң кызматтык унаа менен Каракол шаарына алып барышкан. Сууга чөккөн балага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал 22 жаштагы Н. аттуу жаран болгон. Бишкек шаарынан Ысык-Көлгө эс алууга барган", - деп билдирет басма сөз кызматы.