Орусиянын Санкт-Петербург шаарында ЛГБТнын активистинин өлүмүнө шектелип Кыргыз өлкөсүндө туулган жаран кармалды. Мындай маалыматты орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 38 жаштагы шектүү активист Елена Григорьева менен тааныш болгон.
"20-июлдан 21-июлга караган түнү Пулковский көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашаган Елена менен шектүү алкоголдук ичимдик ичип отурушкан. Алардын ортосунда пикир келишпестик орун алып, шектүү Еленага 8 жолу бычак сайган. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам ошол замат каза болгон.
Тергөөчүлөр каза болгон аял менен шектүү бир нече ирет спирт ичимдиктерин чогуу ичип жүргөнүн аныктаган. Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө шектүү ушул жылдын июль айынын башында таанышынын буюмдарын, акчасын уурдап кеткени маалым болгон.
Учурда кылмыштын бетин ачуу максатында тергөө иштери улантылып жатат", - деп жазылат маалыматта.