Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына 31 жаштагы эркек киши түшүп кетти

Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл аймагындагы Папан суу сактагычына 31 жаштагы Д.К. аттуу эркек киши чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, издөө иш-чараларын жүргүзүүгө ӨКМдан 12 куткаруучу тартылган. Бүгүн, 26-июль күнү саат 08:50дө изделип жаткан жарандын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылды.

Ал Папан суу сактагычына эс алууга барып, сууга түшүп жатып чөгүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sezimka27
2019-07-26 18:39:55
иии жайы жаннатан болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан