26-июлдан 28-июлга чейин Кыргыз мамлекетине Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон иш сапары менен келет. Буга байланыштуу кортеждин тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн Тамчы айылынан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдо транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр коюла тургандыгы маалымдалды.
Чектөөлөр дем алыш күндөрүнө жана туристтик сезон учуруна туш келгени коомчулукта талкуу жаратты.
ИИМдин басма сөз кызматынан чектөөлөр бүгүн, 26-июлда бир саатка гана коюларын билдиришти.
"Башка күндөрү эч кандай чектөөлөр киргизилбей, жолдор ачык болот. Ошондуктан 26-28-июль күндөрү Ысык-Көл облусуна бара жаткан учурда тынчсызданбай койсоңуздар болот жана жол кыймылынын эрежелерин сактаңыздар" деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматынан.