Бишкектеги Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаа сүзүштү. Маалыматты Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан тастыктады.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 26-июлда болжол менен саат 7:50 чамасында болгон.
"Анда Хонда Фит үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн. Алдын ала берилген маалыматка ылайык, кырсык түндүктөн түштүккө келе жаткан унаанын айдоочусу уктап кеткенинен улам келип чыккан. Уктап кеткен унаанын айдоочусу ооруканага кайрылып тиешелүү медициналык жардам алган. Кырсык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда унаалар айып төлөөчү жайга токтотулуп, тергөө амалдары башталды", - деп билдиришти башкармалыктан.