Бишкекте аялды тоногон деп шектелип, 35 жаштагы мурда бир канча жолу соттолгон жаран кармалды

Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери уурулукка шектүү делинген жаранды кармашты. Маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлап, буларды билдирди.

14-июлда Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө И.Г. аттуу жаран кайрылган. Анын арызында 14-июль күнү саат 16:00 чамасында Чүй көчөсүндөгү үйүнүн жанынан белгисиз жаран капчыгын тартып алып, качып кеткен. Капчыктын баасы 2 миң сом, ал эми анын ичинде паспорт жана 15 миң сом акчасы бар банктык карта болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "уурулук" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам изилдөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Бишкек шаарынын 35 жаштагы А.С. аттуу жараны кармалган. Ал мурда бир канча жолу соттолгон. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы тапта шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан