Бишкектеги райондордун биринен милиция кызматкеринин куралын белгисиз адамдар уурдап кетишти. Мындай маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.
"Бүгүн, 26-июлда Ленин РИИБине Сокулук РИИБинин ыкчам тергөөчүсү Б.Б. арыз менен кайрылган. Анда борбордогу көчөлөрдүн биринен белгисиз адамдар анын унаасындагы барсеткасын уурдап кетишкенин айткан. Барсетканын ичинде табелдик курал, кызматтык күбөлүк жана акча болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Бул окуя боюнча жергиликтүү маалымат каражаттарынын биринде кызматкер мас абалында болгон деген кабар жарыяланган. Мындай маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени медициналык текшерүүнүн натыйжасында кызматкер мас абалында болбогону аныкталды. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн кызматтык иликтөө башталды", - деди маалымат кызматынан.
Аталган башкармалыктан табелдик куралды көчөдөн таап алган жаран милиция бөлүмүнө алып келгенин кошумчалады.