Бишкекте унааны айдап качып кеткенге шектелген жаран кармалды

Бишкекте унаа уурдоого шектелген жаран Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалды. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан маалымдады.

"Үстүбүздөгү жылдын 28-майында саат 22:00дө Свердлов РИИБине билдирүү келип түшкөн. Анда Бишкектеги соода борборлорунун биринин короосунда токтоп турган Дэу Нексия үлгүсүндөгү унааны белгисиз адамдар айдап кетишкени маалымдалган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 206-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам тергөө иштеринин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан 27 жаштагы А.Т. аттуу жаран кармалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кармалган жарандын мындан башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экенин аныктоо үчүн тергөө иштери улантылып жатат", - дейт маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан