Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын формасы кандай болору ата-энелердин пикирин эске алуу менен чечилиши керектигин билдирди. Ошондой эле форманын баасына, сапатына дагы көңүл бурулушу шарт экенин аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлады.
Белгилүү болгондой, учурда республиканын бардык аймактарындагы мектептерге кат жиберилген. 2015-жылы Билим берүү министрлиги мектептердеги окуучулардын формасы бирдей болушу керек деген талап койгон.
"Мектеп жамааты жана ата-энелер окуучулардын формасынын фасонун, түсүн (кара, боз, кара-көк же кочкул кызыл) чогуу тандашат. Ошондой эле ак жана кара түстөгү классикалык форма дагы вариант катары каралат", - деп жазылат маалыматта.