Казакстанга башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет жасаган Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Ак-Тилек автожолу" көзөмөл-өткөрмө пунктунан 1992-жылы туулган А.Р. аттуу жаран башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет жасаган. Тиешелүү кагаздар толтурулуп, А.Р. УКМКнын аймактык бөлүмүнө тапшырылды.