Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелорация министрлигинде экспорттоо бөлүмү ачылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, айыл чарба продукцияларын экспортко чыгаруу маселесин өз убагында чечип кеңеш берип туруу максатында министр Эркинбек Чодуевдин буйругу менен экспорттоо бөлүмү ачылды. "Өткөн жылдагы картошканы сатуу мезгилиндеги пайда болгон көйгөйлөр жашыруун эмес. Дыйкандардын өндүргөн айыл чарба азык-түлүктөрү атаандаштыкка туруктуу болуш үчүн продукциянын тазалыгына жана сапаттуулугуна көңүл бурушубуз керек. Айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө үрөндүн сапаты чоң таасир берет. Аталган бөлүм тарабынан иш-чаралар иштелип чыгып, учурда аткарууга алынууда. Ошонун негизинде бир катар макулдашууларга кол коюлууда", - деп жазылат маалыматта.