Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 4-кабатынан өрт чыгып, 30 жаштагы жаран каза болду. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 28-июль күнү саат 19:00 чамасында Бишкектин Сыдыков көчөсүндө жайгашкан 161-үйдүн 4-кабатынан өрт чыккан. Кырсык болгон жерге саат 19:10до өрт өчүрүү кызматы, 19:12де "Тез жардам" кызматы келген.
"Аталган даректе жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирдин 48 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1989-жылы туулган Ч.О.Е. аттуу жаран каза болгон. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда", - деди маалымат кызматынан.