Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы суу сактагычка чөгүп кетти деп изделип жаткан жаран аман-эсен үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-июль күнү Токтогул суу сактагычында 27 жаштагы А.Б. аттуу эркек киши чөгүп кетти деген маалымат келип түшкөн.
Издөө иштерине Токтогул районунан 3 куткаруучу жана ИИМден 3 кызматкер тартылып, натыйжа болгон эмес. Бирок болжол менен таңкы саат 04:00 чамасында изделип жаткан А.Б. аттуу жаран аман-эсен үйүнө кайтып келген. Учурда ИИМ кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.