Ош облусунун Чоң-Алай районунда Ленин чокусунан түшүп келе жаткан турист 3 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 27-июль күнү орусиялык И.И. аттуу 45 жаштагы жаран Ленин чокусунан түшүп келе жатып 5 миң метр бийиктикке келгенде байланышка чыгып, ошол бойдон кайра байланышка чыккан эмес. Турист "Горы Азии” туристтик фирмасында камсыздандырылган.
"Жерине ӨКМдан 6 куткаруучу чыгышып, 28-июлга караган түнү саат 00:10до Кашка-Суу айылына жетишип, түнөп калышкан.
29-июль күнү эртең менен издөө иштери башталды. Мындан сырткары, "Горы Азии" туристтик фирмасынын суранычы боюнча "Ак-Сай Трэвел" туристик компаниясынын 3 миң 600 метр жана 4 миң метр бийиктикте жайгашкан куткаруучулары 29-июль күнү эртең менен издөө иш-чараларына чыгышты", - деди маалымат кызматынан.