Нарын шаарында Нарын дарыясына 61 жаштагы А.Ж. аттуу аял түшүп кеткени тууралуу маалымат ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн.
Издөө иш-чараларына ӨКМдан 18 куткаруучу тартылган. Учурда издөө иштери уланууда.
Жумгал районунда 17-июль күнү Арал айылында Көкөмерен дарыясына 55 жаштагы А.Т. аттуу эркек киши түшүп кеткен. 26-июль күнү издөө иштерин улантуу максатында жалпы 23 куткаруучу жана 5 суучул тартылган. Издөө иштери уланууда.
Чүйдүн Аламүдүн районунда 28-июль күнү саат 13:46 чамасында Достук айылында көлмөгө эркек адам (аты-жөнү такталууда) чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар жерине барып маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Аталган ишке 4 куткаруучу тартылган.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 19-июль күнү Ак-Таш айыл аймагында Чаткал дарыясына 21 жаштагы Н. уулу Б. аттуу эркек адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Чаткал дарыясы окуя болгон жерден 800 метрден кийин Өзбек Республикасынын аймагына өтүп кетет. 28-июль күнү ӨКМдан тартылган 8 куткаруучу, моторлуу кайык менен Чаткал дарыясынан Өзбекстандын аймагындагы Чарвак суу сактагычына чейин издөө иш-чараларын жүргүзүшүүдө.
Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.