Чүй облусунун тургуну 9 жаштагы небересин качып кетпесин деп аны керебетке байлатып койгон. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Таш-Дөбө айылында 26-июль күнү начар шартта жашаган үй-бүлөлөрдү текшерүү учурунда керебетке колу байланган 9 жаштагы кыз табылган.
"Белгилүү болгондой, 1950-жылы туулган К.Т. аттуу аял өзүнүн 1978-жылы туулган К.М. аттуу кызы жана 2010-жылы туулган Ш.В. аттуу небереси менен жашай турганы аныкталган. Кыздын таенеси анын апасы Бишкекке иштегенге кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан. Мындан сырткары, ал кыздын атасы 8 жыл мурун каза болуп, небереси эч кимге баш бербей үйүнөн качып кетип жатканын билдирген. Окуя болгон күнү үй ээси 2005-жылы туулган экинчи небересине сиңдисин байлап кой дегенин кошумчалаган. Бул факт катталып, кыз 6 айга борбордогу балдарды коргоо борборуна жайгаштырылды", - деп айтылат маалыматта.