Кыргыз өлкөсүндө Комуз күнү белгиленет

Кыргыз өлкөсүндө 9-сентябрь Комуз күнү деп белгиленет. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз элинин салттуу музыкасын комузсуз элестетүү кыйын. Азыркы учурда комуздун жаңы маанисин ачыш керек. Комуз көп түрдүү маданияттын биримдигин даңазалаган символ болууга тийиш.

Элибиздин маданий интеграциясы - коомдогу тынчтыктын, ынтымактын жана өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизи болуп калат. Кыргыз мамлекетинин этностук коомчулуктарынын маданияттар аралык диалогун кеңейтүү үчүн салттуу музыканын ролун күчөтүү зарыл", - деп жазылат маалыматта.

Аталган майрамды уюштуруу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырылат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tular
2019-07-29 18:27:08
Жакшы!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан