Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аялын бычактап өлтүрүүгө шектелген жарандын үстүнөн кайненеси менен кайнатасы арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына күч органдарындагы өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 25-июль күнү саат 06:35 чамасында болгон. Анда күйөөсү менен аялынын урушу өлүм менен аяктаган.
"Каза болгон келиндин кошуналары кылмышка шектелип жаткан 31 жаштагы Б.Н. мурун да аны ур-токмокко алып жүргөнүн билдиришти. Окуя болгон күнү да аялын ур-токмокко алып, кийин аны бычактап койгон. Оор жаракаттан улам келин каза болуп калган. Учурда маркумдун ата-энеси күйөө баласынын үстүнөн арыз жазып милицияга кайрылышты", - деп билдиришти.
Жабырлануучунун же айыпталуучунун жакындары бул окуя боюнча айтып берүүнү кааласа, SUPER.KG порталы алардын пикирлерин жарыялоого даяр.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Сузак районунун тургуну аялын ашкана бычагы менен денесине сайып, жабырлануучу алган жаракатынан каза болуп калган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Сузак райондук сотунун чечими менен шектүү 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Маркумдун артында 4 баласы калды.