Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканадан 20 жаштагы бейтап качып кетти

Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканадан 20 жаштагы бейтап качып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бейтап 26-июлда саат 22:00 чамасында психиатриялык ооруканадан качып кеткен. "Маалымат Кемин РИИБине 27-июлда түшкөн. Ал 2018-жылы Сокулук райондук сотунун чечими менен Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканага милдеттүү дарылануу үчүн жиберилген", - деп жазылат маалыматта.

Аны көрүп-билгендер болсо, төмөндөгү телефон номерлерге чалып, Кемин РИИБине кабарлап койсо болот. Байланыш телефондору: 0 312 60 75 67, 0702 54 32 27, 0500 05 88 06 же 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан